Language:enkgru

INITIATIVE: Innovative Income Tools and Integrated Approaches To Improve Villagers’ Employment

EcoHimal Альпы-Гималаи кызматташтык коому

EcoHimal Альпы-Гималаи кызматташтык коому Австрияда бейөкмөт уюм катары катталган жана 1992-жылдан бери Непал, Тибет, Пакистан жана Афганистанда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырып келет. 2015-жылдын декабрь айында EcoHimal Европа Бирдигинин колдоосу менен Кыргызстанда киреше алып келүүчү ишмердүүлүк жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча долбоорду ишке ашырууга киришти.

EcoHimal үчүн кандай болбосун, өнөктөш мамлекеттер менен кызматташуу үзгүлтүксүз өнүгүү принциптерине негизделет. Бардык регионалдык өнүгүү долбоорлору экологиялык, экономикалык, социалдык жана маданий маселелерди чечүүгө багытталган жана жергиликтүү калк менен бирге ишке ашырылат.

Өнүгүүгө багыт алган кандай болбосун кызматташуунун негизги максатыадам менен жаратылыштын узак мөөнөттүү жашоосун камсыздоо үчүн биологиялык көп түрдүүлүктү (ар түрдүүлүктү) коргоо жана сактоо. Бул көрүнүш дүйнөнүн Гималай, Тянь-Шань, Альпы сыяктуу эң бийик тоолорунун аймактарына өзгөчө маанилүү. Дүйнөнүн эң бийик тоолорунун өрөөндөрүндө жана этектеринде, алардын көлөкө алдында 100 миллиондогон адамдар жашашат. Бул коркунуч алдында турган экосистемаларды сактап калуу жана ошол эле учурда кылдаттык менен башкаруу оор маселе болуп саналат.

Азиянын бийик тоолуу аймактарынын жашоочуларына узак мөөнөттүү жакшы жашоо шарттарын түзүү, жергиликтүү жашоочулардын өз регионун өнүктүрүү үчүн өз алдынча жасаган аракеттерин колдоо – EcoHimal коомунун миссиясы.

Каржылоо

Биздин долбоорлор жана программалар Австриялык Кызматташтык Коому, Европа Бирдиги, Зальцбург шаары жана провинциясы, өнөктөш уюмдар, демөөрчүлөр, жана ошондой эле жеке материалдык колдоолордун эсебинен каржыланат.