Language:enkgru

INITIATIVE: Innovative Income Tools and Integrated Approaches To Improve Villagers’ Employment

Агенты перемен

Агенты переменкоомдук бирикмеси 2010 жылдын 17 март күнү уюмдаштыруучулардын жалпы чогулушунда түзүлгөн, 2010 жылдын 10 апрель күнү катталган. Уюмдун уюмдаштыруучулары жана мүчөлөрүөлкөдө болуп жаткан окуяларга жана кырдаалга кызыгуу менен караган жаркын жана активдүү жаштар.

Уюмдун миссиясы: «Агенты перемен» коомдук бирикмесижаш муундун чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун жогорулатуу жана алардын коомдук өнүгүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жаштардын ачык жана ыктыярлуу бирикмеси.

Максаттары:

§ Жаштардын социалдык активдүүлүгүн кубаттоо жана жаштар кыймылынын потенциалын жогорулатуу;

§ Жаштардын потенциалын өнүктүрүү;

§ Гендердик теңчиликтин идеяларын колдоо;

§ Саясатка экологиялык принциптерди киргизүү (лоббирлөө);

§ Коомдук жана мамлеккеттик органдар (мекемелер) менен иштешүү жана кызматташуу;

Иш-аракеттердин багыттары:

§ Маалымдоо жана окутуу иштери;

§ Эдвокаси;

§ Жаштардын саясатка катышуусун/аралашуусун байкоо;

§ Бирикменин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу.

Уюмдун тажрыйбасы:

Уюмдун долбоорлорду жазуу жана ишке ашыруу боюнча, чоң масштабдагы маалыматтык жана эдвокаси кампанияларды өткөрүүдө, жергиликтүү бийлик бутактары менен кызматташууда чоң тажрыйбасы бар, долбоорлордун баары жана башка иш-аракеттер мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Аймактардагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдоого багытталган долбоорлорду, кампанияларды жана акцияларды ишке ашыруу үчүн, аялдарга карата болгон же башка зордук-зомбулукка каршы акцияларды өткөрүү үчүн көптөгөн жаштарды тартууда чоң тажрыйбасы бар.

Төмөнкү долбоорлор уюм тарабынан ишке ашырылган:

§ БУУнун Өнүгүү Программасынын (ПРООН) Тынчтык программасынын алкагында «2010 жылдагы бейпил шайлоодон Кыргызстандын өнүгүүсүнө карай» долбоору (2010 ж. сентябрь-ноябрь). Долбоордун максаты – калкты 2010 жылдагы шайлоо процессине байланышкан суроолор боюнча кеңири маалымдоочу жана коомдук көзөмөлгө алуучу аймактык штабдарды түзүү аркылуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону тынч өткөрүүнү камсыздоо.

§  «Жаш муун – Кыргызстандын келечеги гана эмес, бүгүнкү күнү дагы» долбоору – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Социалдык тапшырыгы (Соц. Заказ) (2010 –жылдын сентябрь-декабрь айлары). Долбоордун алкагында жаштар үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн негиздери боюнча семинарлар уюштурулган. «Сенин кадрындагы толеранттуу дүйнө» аттуу фото сынак, «Биздин коомдогу толеранттуулук. Жаш муундун ролу» темасындагы макалалар сынагы өткөрүлгөн. Фото сынактын негизинде фото-көргөзмө уюштурулган.

§ АКШ Элчилигинин алдындагы Демократиялык комиссиянын колдоосу менен «Жаш муун бейпил келечек үчүн» долбоору (апрель 2011 – апрель 2012). Бул долбоордун  алкагында жергиликтүү жамааттардын ичинен формалдык эмес жаш лидерден 46 медиатор даярдалып чыккан. 125 жаш адам үчүн этникалык ар түрдүүлүктү башкаруу боюнча семинарлар өтүлдү. Этникалык топтор аралык достук мамилелер жөнүндө эң жакшы окуялар сынагы болду, жыйынтыгында областтагы этникалык топтордун арасындагы достук мамилелер камтылан окуялар жыйнагы чыгарылды.

§  «Мен – өз өлкөмдүн жаранымын» долбоору, Канада Фонду (2011 ж. июль-декабрь). Долбоордун алкагында «Этностор арасындагы кагылышуулардын жана социалдык чыңалуулардын санын азайтуудагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрү жана ролу» аттуу тегерек олтурумдар уюштурулуп, өткөрүлдү. Жаштар арасында эң жакшы этностор аралык достук темасындагы видеолордун сунагы болуп өттү, анын жыйынтыгында мамлекеттик мекемелер, улуттук диаспоралар, калктын калын катмарынын катышуусу менен Достук Фестивалы өткөрүлдү.

§ 2013 жылдын июль айынан 2015 жылдын май айына чейин «Гендердик акыйкатты күчөтүү жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоору UN Women менен биргеликте ишке ашырылды, Европа Биримдиги тарабынан каржыланды. Долбоор керектүү көндүмдөрдү үйрөтүү аркылуу жаш кыздарды лидерликке даярдоого көмөктөшүү, жамааттарда тынчтыкты орнотууда жаш кыздар жана балдардын ролун чоңойтууга багытталган. Айтылган долбоордун алкагында «Менин бейпил жана коопсуз мектебим» колдонмосу жазылып чыгарылган, шаардын жана айылдардын мектептеринин 8-10 класстарынын активист окуучуларынын арасынан көптөгөн тең насаатчылар окутулуп, даярдалды.

§ Уюм ЕБ жана БУУ биргелешкен «Социалдык акыйкаттыкка жетүү үчүн адилеттүү башкарууну күчөтүү» долбооруна эки пилоттук айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына алардын жергиликтүү бюджет, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча потенциалын жогорулатууга, ошондой эле жергиликтүү демилгелүү топтордун долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу потенциалын жогорулатууга багытталган окутуу иш-чараларын өткөрүүдо көптөгөн кызматтарды көрсөттү.

§ 2015 жылдын сентябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министрлигинин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун, фельшердик-акушердик пункттарынын баштапкы медициналык жардам көрсөтүү кызматтарын Өкмөттүн 03.06.2014 ж. № 303 Токтомунда бекитилген стандарттарга жооп беришин көзөмөлдөө долбоору ишке ашырылууда. Чүй областында 10 саламаттыкты сактоо мекеме/уюмдардары, Талас областында 10 саламаттыкты сактоо мекеме/уюмдардары көзөмөл алдында. Долбоордун жыйынтыгы катары баштапкы медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын стандарттарга жооп бере турган деңгээлде кызмат көрсөтүүсү күтүлөт, өз убагында бул жыйынтык сапаттуу акысыз кызмат алууга кызыкдар болгон тараптардын: аз камсыз болгон адамдар, кош бойлуу аялдар, коп балалуу аялдар, жаштардын сапаттуу медициналык жардам алышына алып келет.